Чавушоглу Индонезияда «Компас» гезитине маалымат берди

Министр Чавушоглу, Түркия менен Индонезиянын ортосунда жакын мамилелер, баалуулуктар жана жалпы кызыкчылыктардын бар экенин билдирди.

1549802
Чавушоглу Индонезияда «Компас» гезитине маалымат берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия менен Индонезиянын соода көлөмүн көбөйтүү үчүн кызматташуусу керек экендигин айтты.

Чавушоглу, иш сапарынын алкагында барган Индонезияда эки өлкөнүн карым-катнаштары, инвестиция жана соода кызматташтыгы боюнча «Компас» гезитине маалымат берди.

Чавушоглу, Түркиянын Индонезиядагы соода жана инвестиция көлөмүнүн каалаган деңгээлинде эмес экенин жана эки өлкөнүн экономикалык карым-катнаштар үчүн чоң потенциалы бар экендигин белгилеп: «Түркия менен Индонезия, соода көлөмүн көбөйтүү максатында бардык механизмдерин жогорулатуу үчүн кызматташуусу керек»,-деди.

Министр Чавушоглу, Түркия менен Индонезиянын ортосунда жакын мамилелер, баалуулуктар жана жалпы кызыкчылыктардын бар экенин айтты.

Чавушоглу эки өлкөнүн карым-катнаштарынын стратегиялык деңгээлге көтөрүлгөнүн баса белгилеп: «Буга байланыштуу эки өлкөнүн жогорку даражалуу кызматкерлери ишкердик мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө карата Түркия жана Индонезиянын ортосунда Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңешинин саммитине даярданууда»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Индонезия менен 10 миллиард долларлык соода көлөмүн максаттаганын да билдирди.

Коргоо өнөр жайынын да эки өлкөнүн ортосунда чыңдала турган тармактардын бири экендигин айткан Чавушоглу: «Түркия эң мыкты коргонуу өнөр жайына ээ өлкөлөрдүн бири. Түркия, сапаттуу жана атаандашчыл баа менен бирге  бул процессте саясий тоскоолдук болбогон үч артыкчылыкты тартуулоодо» ,-деди.



Тектеш кабарлар