Акар: «АКШнын санкция чечими НАТО шериктештигине дагы терс таасирин тийгизет»

Акар менен Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлери, "Жолборс тырмагы-2020 машыгуусуна" байкоо салышты.

1550074
Акар: «АКШнын санкция чечими НАТО шериктештигине дагы терс таасирин тийгизет»
akar.jpg

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) санкция чечими НАТО шериктештигине дагы терс таасирин тийгизерин билдирди.

Акар менен Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлери, Мугладагы Аксаз деңиз базасынын командачылыгында "Жолборс тырмагы-2020 машыгуусуна" байкоо салышты.

Бул жердеги кызматкерлерге кайрылган Акар АКШнын С-400дөргө карата санкция чечимине байланыштуу: «АКШнын бул туура эмес чечиминен тез арада баш тартуусун, бул чечимдин бир гана Түркияга эмес, НАТО шериктештигине дагы терс таасирин тийгизерин билишин күтүп жатабыз. Бул маселе боюнча биз өз чечимибиздин алкагында ишибизди улантабыз»,-деп билдирди.

Хулуси Акар, Эгей, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Кипрдеги баардык маселелерди диалог жана жакшы коңшулук мамилелердин алкагында саясий жол менен чечүүнү жактай тургандыктарын баса белгиледи.

Түркиянын бул темалар боюнча ар кандай билдирүүлөрдү жасап түшүнүктүү болушу үчүн аракет кылгандыгын айткан Акар: «Биз чыңалуунун жана чыңалуунун күчөшүн жактабайбыз. Тез арада тынчтыктын жана бейпилдиктин орношун каалайбыз. Тилекке каршы чыңалууну күчөткөндөр биздин коңшубуз. Диалогдон качкандар биздин коңшубуз»,-деди.

«Биздин кошунабыз эмне кылып жатат?»  деп сураган Акар: «Кошунабыз үч айдын ичинде 46 NAVTEX, 1-октябрдан бери да Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жалпы 22 машыгуу аянтчаларын жарыялады. Алардын экөөсүн гана колдонду. Булар жакшы коңшулук мамилелерге карама-каршы экендигин дагы бир жолу эске сала кетким келет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар