Түркия: «Судандын терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесинен чыгарылышы оң кадам»
Тышкы иштер министрлиги, АКШнын Суданды терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесинен чыгарганына байланыштуу билдирүү жасады.
1547644
![Түркия: «Судандын терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесинен чыгарылышы оң кадам»](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8257/ae5b/f7d0/5e8824af6dd1c.jpg?time=1718953448)
Түркия, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Суданды терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесинен чыгарышын оң кадам деп баалады.
Тышкы иштер министрлиги, АКШнын Суданды терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесинен чыгарганына байланыштуу билдирүү жасады.
Бул чечимдин туура багытта ташталган оң кадам болгонун белгилеген министрликтин катчысы Хами Аксой: «Түркия башынан бери бир тараптуу санкцияларга каршы экендигин баса белгилеп келет», - деди.
Аксой, Түркиянын Судандагы өткөөл процесси менен ушул алкакта жүргүзүлгөн реформа аракеттерине колдоо көрсөтүүнү жана Судан элинин жанында болууну уланта турганын айтты.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718953448)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.