Чавушоглу менен Акар Киевде жолугушууларды өткөрүүдө

Эки министр, украиналык кесиптештери менен өткөрө турган "2 + 2" форматындагы жыйынга катышуу жана ар кандай жолугушууларды өткөрүү үчүн Киевге барды.

1547681
Чавушоглу менен Акар Киевде жолугушууларды өткөрүүдө

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын ар дайым крым татар түрк боордошторунун жанында болгонун айтты.

Мевлүт Чавушоглу жана Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, украиналык кесиптештери менен өткөрө турган "2 + 2" форматындагы жыйынга катышуу жана ар кандай жолугушууларды өткөрүү үчүн Украинанын борбору Киевге барды.

Крым татарларынын өкүлдөрү менен жолуккан министрлер Чавушоглу менен Акар ушул алкакта Крым татар түрктөрүнүн лидери жана Украина парламентинин эл өкүлү Мустафа Абдүлжемил Кырымоглу, Украина парламентинин эл өкүлү жана Түркия достук тобунун төрагасы Рустам Умеров жана Украинанын эл өкүлү Ахтем Чийгөз менен жолугушту.

Чавушоглу Твиттердеги аккаунтуна жазган постунда: «Биз Крымдын мыйзамсыз аннексияланышын тааныбайбыз. Ар дайым крым татар түрк боордошторубуздун жанында болобуз»,-деди.



Тектеш кабарлар