Эрдоган кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады
Түркия коронавирус пандемиясынан кийинки мезгилге күчтүү, бекем жана атаандашчыл глобалдык оюнчу катары кирүүгө чечкиндүү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркиянын экономикасы ар кандай татаал сыноолорго, пайда болгон жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана ар кандай сценарийлерге каршы даяр абалда»,- деди.
Президент Эрдоган кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады.
Экономиканын ар кандай татаал сыноолорго, пайда болгон жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана ар кандай сценарийлерге даяр экендигин баса белгилеген Эрдоган: «Мен өз жарандарымдан көңүлдөрүн көтөрүп, тынымсыз пессимизмди козгоп жаткандарга карабастан, бизге жана биздин экономикалык башкарууга ишенүүлөрүн суранам»,-деп айтты.
Президент, Түркиянын глобалдык экономикада балким экономика тарыхына кире турган мезгилди өткөрүп жатканын белгилеп: «Түркия коронавирус пандемиясынан кийинки мезгилге күчтүү, бекем жана атаандашчыл глобалдык оюнчу катары кирүүгө чечкиндүү»,-деди.
Эрдоган, жаштар жана аялдар менен бирге бардык катмарда жумуш менен камсыз кылуу деңгээлин көтөрө турган саясатка артыкчылык беришээрин билдирди.
Ошондой эле өз билдирүүсүндө Улуттук космос программасына да токтолгон президент: «Космосто өлкөбүздүн желегин алда канча күчтүү желбирете турган күндөр жакын калды»,- деп сүйүнчүлөдү.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.