Атамекендик вакцинада 1-фаза сыноолору аяктады
Кайсеридеги Эржиес университетинин ректору профессор доктор Мустафа Чалыш социалдык медиа баракчасынан бул темага байланыштуу билдирүү жасады.
![Атамекендик вакцинада 1-фаза сыноолору аяктады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6927/7b2b/e55d/5fbf8c81d27ba.jpg?time=1718860575)
Бүткүл дүйнө күрөшүп жаткан коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы эмдөөлөр уланууда.
Түркия да атамекендик вакцинада 1-фаза изилдөөлөрүн аяктады.
Кайсеридеги Эржиес университетинин ректору профессор доктор Мустафа Чалыш социалдык медиа баракчасынан бул темага байланыштуу билдирүү жасады.
Эч кандай олуттуу терс таасирлери болбогонун айткан Чалыш: «Ковид-19га каршы биздин университет тарабынан иштелип чыккан жана Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен атамекендик вакцинабыздын 1-фаза экинчи эмдөөсү бүгүн бүттү. Кандайдыр бир терс таасирлери байкалган жок. Эгерде баары жакшы болсо, анда ушул айдын аягына чейин 2-фазага өтүүнү пландап жатабыз»,- деди.
Атамекендик вакцина изилдөөлөрүндө, 1-фазанын алкагында ыктыярчыларга биринчи доза 5-ноябрда, ал эми экинчи доза 26-ноябрда сайыла баштаган болчу.