Чавушоглу-Зариф сүйлөшүүсү

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, кечээ кечинде Чавушоглу менен Зариф телефон аркылуу сүйлөшүштү.

1544452
Чавушоглу-Зариф сүйлөшүүсү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ирандын тышкы иштер министри Жеват Зарифке президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган билдирүүлөр кабыл алынгыс экендигин билдирди.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, кечээ кечинде Чавушоглу менен Зариф телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Телефондогу сүйлөшүүдө президент Эрдогандын Азербайжандын борбору Бакуда сүйлөгөн сөзүндө окуган ырынан кийинки Иран тараптын мамилеси талкууланды.

Министр Чавушоглу ирандык кесиптешине, сөз болгон ырдын Карабах тууралуу экендигин жана президент Режеп Таййип Эрдогандын сүйлөгөн сөзүндө Иран тууралуу сөз болбогонуна көңүл бурду.

Чавушоглу, буга карабастан бул сөз сүйлөө шылтоо кылынып, бул маселе боюнча ойлордун Түркияга түздөн-түз билдириле турган каналдар ачык турса дагы Иран тарабынан президент Эрдоганды бутага алган негизсиз жана оор билдирүүлөр виртуалдык чөйрөдө жасалышынын кабыл алынгыс экендигин айтты.

Ирандын эң татаал мезгилдеринде бардыгы тең Иранга сыртын салып турганда бул өлкөнү колдогон өлкө Түркия болгонун эске салган Чавушоглу, бул чындыктын унутулуп калгандыгы Ирандан жасалган оор билдирүүлөр менен кошулуп көңүлдү чөгөрүп жибергенин айтты.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги, президент Эрдогандын Бакуда окуган ырынан улам, Түркиянын Тегерандагы элчиси Деря Өрстү чакырган жана ага оор айыптоо билдирүүсүн айткан.

Ирандын тышкы иштер министри Зариф өзүнүн Твиттердеги аккаунтунда жарыялаган билдирүүсүндө, президент Эрдоган окуган ыр Ирандын аймактык бүтүндүгүнө багытталган деген доомат койгон.

Андан кийин Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Ирандын Анкарадагы элчиси Мухаммед Феразмендди Тышкы иштер министрликке чакырткан.

Министрлик Феразмендге, Түркия жана президент Эрдоганга багытталган  негизсиз айыптоолору үчүн жана Иранда Түркияга каршы жек көрүү өнөктүгүнүн ачылганына каршы нааразычылык билдирилген.



Тектеш кабарлар