Түркиядан Кытайга бара турган поезд Бакуда

Үй эмеректери жүктөлгөн поезд Казакстандан кийин Кытайдын Сиань шаарына барат.

1543618
Түркиядан Кытайга бара турган поезд Бакуда

Түркиядан Кытайга экспорт жүгүн ташыган биринчи поезд Азербайжандын борбор шаары Бакунун Алат портуна барды.

Стамбулдан азем менен жолго чыккан экспорт поезди Бакуга 70 километр аралыктагы Алат поселогундагы Баку эл аралык деңиз соода портуна барды.

Поезддеги 42 контейнер Казакстандын Актау портуна  баруу үчүн жүк кемесине жүктөлдү.

Үй эмеректери жүктөлгөн поезд Казакстандан кийин Кытайдын Сиань шаарына барат.



Тектеш кабарлар