Эрдоган менен Алиев Бакудагы Жеңиш парадына катышты

Армения тарабынан басылып алынган Азербайжандын жерлеринин бошотулушунан улам Бакудагы "Азадлык" аянтында Жеңиш парады өткөрүлдү.

1543139
Эрдоган менен Алиев Бакудагы Жеңиш парадына катышты
aliyev.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын дастандарды жазууну уланта берерин айтты.

Армения тарабынан басылып алынган Азербайжандын жерлеринин бошотулушунан улам Азербайжандын президенти Илхам Алиев, президент Режеп Таййип Эрдоган жана түрк аскерлеринин катышуусунда борбор шаар Бакудагы "Азадлык" аянтында Жеңиш парады өткөрүлдү.

Кечээ салтанатка катышуу үчүн бул өлкөгө барган Эрдоган ал жерде сүйлөгөн сөзүндө, «Азербайжан мындан ары дагы бир тууганым Илхам Алиевдин күчтүү жетекчилиги астында дастандарын жаза берет деп үмүттөнөм. Азербайжан өз жерлерин оккупациядан бошоткону, күрөш бүттү дегенди билдирбейт»,-деди.

«Биздин Азербайжан менен болгон карым-катнаштарыбызда Түркия катары ар дайым улуу лидер Гайдар Алиевдин «эки мамлекет бир улут» деген жетектөө ураанын негиз кылып келдик»,-деп айткан Эрдоган мындай деди: «Согуш мыйзамы одоно бузулду, адамдын ар-намысы тебеленди. Ар бир жагынан муну сурап коюу биздин милдет. Армения башкаруучулары Азербайжандын жерлериин оккупацияда сактап калуу үчүн элдин байлыгын сарпташты. Тоолуу Карабахта кыйратуу, кыргын, көз жаштарынан башка эч нерсе алып келбегендердин эми эсин жыйышы керек. Батыш империалисттеринин көкүтүүсү менен эч нерсеге жетпей тургандыгын жана мамилелерди кайрадан карап чыгышы керектигин билүү керек. Эгерде армян эли Карабахтагы окуялардан сабак алса, анда бул аймакта жаңы доордун башталышы болот».

Президент Эрдоган, Түркия жана Азербайжан ийин ийинге жанаштырып күрөшкөн сайын кыйынчылыктарды жеңип чыгып, ийгиликтен ийгиликке чуркай берерин айтты.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Жеңиш парадындагы сөзүндө, «Атамекендик согуштун алгачкы сааттарынан бери биз Түркиянын колдоосун сездик»,- деди.

Алиев: «Биз элибиздин Түркия менен биримдигибизди дүйнөгө көрсөтөбүз»,-деп айтты.

«Армения азербайжан элине каршы согуш кылмышын жасады. Согуш майданында аймактык бүтүндүгүбүздү калыбына келтирдик»,-деди.

Алиев:«Армян армиясы тизеледи жана согуш майданында жеңишке жетүү менен аймактык бүтүндүгүбүздү камсыздадык»,- деди.

Азербайжандын президенти: «Карабах Азербайжандыкы жана бүгүнкү күндө дүйнө жүзү Карабах Азербайжандыкы экендигин көрдү. Жашасын Түркия-Азербайжан достугу»,-деди.



Тектеш кабарлар