Түркия Халифа Хафтарга катуу каршылык көрсөттү

Түркия Хафтарды эскертти.

1542056
Түркия Халифа Хафтарга катуу каршылык көрсөттү

Түркия, Ливияда түрк кызыкчылыктары бутага алына турган болсо мунун олуттуу кесепеттери болоорун билдирди.

Тышкы иштер министрлиги, Халифа Хафтарга караштуу Ливиянын улуттук армиясы тарабынан Ливия жээктеринде токтотулган жана өзүм билемдик менен айып пул салынган түрк соода кемеси жөнүндө билдирүү жасады.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, түрк компаниясы тарабынан башкарылган жана түрк экипажы да болгон Ямайка желектүү «Маброока» аттуу кеменин Латвиянын Марса Суса шаарынын жээктеринде төңкөрүшчүл Хафтарга караштуу Ливиянын улуттук армиясы тарабынан токтотулгандыгы, кемеге айып пул салынгандыгы жана кеменин экипаж менен кошо камакка алынгандыгы белгилүү болгону билдирди.

Билдирүүдө: «Биз мындай кыймылды кескин айыптайбыз. Кеменин пландаштырылган сапарын улантуусуна мүмкүндүк берүүчү кадамдар тез арада жасалышы керек»,- делди.

Ливияда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жетекчилиги астында Ливия элинин ортосундагы саясий процесстер жүрүп жаткан мезгилде Хафтар жана анын кошуундары агрессивдүү мамилесин улантышкандыгы баса белгиленген билдирүүдө: «Эгерде Ливияда түрк кызыкчылыктары бутага алынса, анда бул олуттуу кесепеттерге алып келерин дагы бир жолу эскертебиз»,-деп жазылды.



Тектеш кабарлар