Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Бир сутканын ичинде 178 миң 903 тест жасалды.

1540193
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 196 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 14 миң 705 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 178 миң 903 тест жасалып, 6 миң 128 бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 31 миң 896 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 4 миң 100 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 427 миң 242ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар