Эрдоган : "Карабах асманын эми жарым ай менен жылдыздар кооздойт"

Президент Карстагы Сарыкамыш  -  Каракурт  - Хорасан жолунун ачылуу аземине Вахдеттин сарайынан түз байланыш менен катышты.

1540129
Эрдоган : "Карабах асманын эми жарым ай менен жылдыздар кооздойт"

Президент Р. Т. Эрдоган Карабах асманын эми жарым ай менен жылдыздардын коозогондугун айтты.

Президент Карстагы Сарыкамыш  -  Каракурт  - Хорасан жолунун ачылуу аземине Вахдеттин сарайынан түз байланыш менен катышты.

Эрдоган сөзүндө коркутуулардын астында жок болуп, ийилип, бүгүлгөндөрдөн болушпагандарын, дайыма тик жана бекем турушкандарын баса белгиледи.

Сирияда адилеттиктин, Иракта тынчтык жана ырааттуулуктун, Ливияда мыйзамдуулуктун жанында орун алып, дайыма жоопкерчилик менен мамиле кылышкандарын белгилеген Эрдоган : «Азербайжандык бир туугандарыбыздын күрөшүнүн натыйжасында  Карабах асманын эми жарым ай менен жылдыздар кооздоп жатат. Азербайжан байрагы шейиттерибиздин каармандыктарынын мисалы катары Тоолуу Карабахта сыймыктануу менен желбирейт»,- деди.

Эрдоган : «Карабахта жетишилген жеңиш эл аралык мыйзам жана дипломатия, аскердик жактан Азербайжанга энесинин ак сүтү сыяктуу адал»,- деди.

Эрдоган Түркия катары ар дайым жана бардык жерде болгондой теңдиктин, тууралыктын, жапа чеккен кишилердин жанында болууну, ушул негизде сөз айтууну жана саясат жүргүзүүнү улантышарын белгиледи.



Тектеш кабарлар