Калын: «Дүйнөдөгү ар ким бир абалдан таасир алган мезгилде жашоодобуз»

Калын кечээ төртүнчүсү  «Пандемиядан кийинки дүйнөдө эл аралык тартип жана өзгөрүү динамикасы» деген аталышта  өткөн TRT World Forum-2020да «Пандемия мезгилиндеги көп полярдуу дүйнө: Глобалдык кызматташтыктын келечеги» деп аталган отурумда сөз сүйлөдү.

1538346
Калын: «Дүйнөдөгү ар ким бир абалдан таасир алган мезгилде жашоодобуз»

 

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) глобалдык эпидемиясынын тушунда дүйнөдөгү ар кимдин көп убакыттан бери биринчи жолу бирдей абалдан таасир алганын айтты.

Калын кечээ төртүнчүсү  «Пандемиядан кийинки дүйнөдө эл аралык тартип жана өзгөрүү динамикасы» деген аталышта  өткөн TRT World Forum-2020да «Пандемия мезгилиндеги көп полярдуу дүйнө: Глобалдык кызматташтыктын келечеги» деп аталган отурумда сөз сүйлөдү.

Калын өз сөзүндө вакцинаны ойлоп табуу менен «пандемиядан кийинки мезгилге» тезирээк өтүлүшүн каалап, «Узак убакыттан бери биринчи жолу дүйнөдөгү окуядан ар ким таасир алган кырдаалга туш болдук, биз чындыгында глобалдык мезгилде жашап жатабыз»,- деди.

Президенттиктин катчысы Калын, глобалдашуу, улуттук мамлекет, эркиндик менен коопсуздуктун тең салмактуулугу, көп тараптуулук жана тилектештик сыяктуу түшүнүктөргө байланыштуу кабылдоолордо жана аныктамаларда көптөгөн өзгөрүүлөр болот деп ойлогонун айтты.

Азиядагы базарлар, Европадагы жана Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) базарлар, Сирия жана Ирактагы согуштар дүйнөнүн бир топ бөлүктөрүнө таасир эткенин мисал көрсөткөн Калын: «Бирок бизде буга чейин жашообуздун бардык тармактарын камтыган бир дагы окуя болгон эмес: чыгыштан батышка, бай өлкөлөрдөн жакыр өлкөлөргө, түштүктөн түндүккө чейин, дээрлик бардыгын өзгөрттү. Мунун биздин жашообузду башкаруу ыкмасы үчүн маанилүү натыйжалары болот деп ишенем»,-деп айтты.

Адамдар бул процесстен «дагы азыраак нерсе менен жашоо мүмкүн» деген сабак ала алаарын белгилеген Калын: «Аз нерсе жашообузга көбүрөөк сапат алып келиши мүмкүн. Сандык көлөм ден-соолукту, бактылуу же акыл-эстүү жашоону билдирбейт»,- деди.

Бул процессте Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму (ДСУ), Европа Биримдиги (ЕБ) жана Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) сыяктуу эл аралык мекемелердин Ковид-19 кризисине жооп берүү ыкмасынын алдыңкы планга чыкканына көңүл бурган Калын, эл аралык мекемелердин ушундай кризистерди жеңип чыгуу темасында айрым өзгөртүүлөрдү жасоого аргасыз боло тургандарын кошумчалады.



Тектеш кабарлар