Түркияда пандемияга каршы жаңы чаралар киргизилди

Акыркы 24 саатта вирустан 188 киши көз жумду.

1537133
Түркияда пандемияга каршы жаңы чаралар киргизилди

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 188 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 13 миң 746 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 176 миң 656 тест жасалып, 6 миң 514 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 4 миң 485 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 404 миң 727ге жогорулады.

Бир тараптан, министрлер кеңешинин отурумунан кийин билдирүү жасаган, президент Режеп Таййип Эрдоган эпидемияга каршы көрүлүп жаткан жаңы чараларды жарыялады.

Буга караганда, иш күндөрү (Түркия убактысы боюнча) саат 21: 00дөн 5: 00гө чейин, дем алыш күндөрү (жума 21: 00дөн дүйшөмбү 05: 00гө чейин), көчөгө чыгууга тыюу салынат.

Чаралардын билим берүү, транспорт жана тейлөө тармактарында дагы кеңейтилгенин белгилеген Эрдоган, биринчи этапта буйуртма берилген 50 миллион доза вакцинанын колдонулушу кийинки айда баштала тургандыгын белгиледи.

Эрдоган ошондой эле жарандардан эпидемияга каршы жапырт күрөшүү рухунда иш алып баруусун өтүндү.



Тектеш кабарлар