Түркия-Россия биргелешкен борборун активдештирүү иштери

Борборду тез арада активдештирүү үчүн керектүү иштер жүрүп жатат.

1537508
Түркия-Россия биргелешкен борборун активдештирүү иштери

Улуттук Коргоо министрлиги, Түркия-Россия биргелешкен борборун түзүү жана кызмат шарттарына байланыштуу техникалык деталдарга карата сүйлөшүүлөр аяктап, меморандумга кол коюлгандыгын билдирди.

Улуттук Коргоо министрлиги Азербайжан менен Армениянын ортосундагы ок атышпоо келишимине байкоо салуу жана көзөмөлдөө максатында түзүлө турган Түркия-Россия биргелешкен борборун тез арада активдештирүү үчүн керектүү иштердин жүрүп жаткандыгын билдирди.

Министрликтин Твиттердеги билдирүүсүндө, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы ок атышпоо келишиминин аткарылышын көзөмөлдөө жана байкоо салуу максатында улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун ортосунда 11-ноябрда видеотелеконференция аркылуу өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлгандыгы эске салынды.

Түркия-Россия биргелешкен борборун түзүү жана кызматтык принциптеринин техникалык деталдарына байланыштуу сүйлөшүүлөр аяктап, келишимге кол коюлгандыгы белгиленген билдирүүдө: «Борборду тез арада активдештирүү үчүн керектүү иштер жүргүзүлүп жатат»,-делди.



Тектеш кабарлар