Президент Эрдоган мугалимдер күнүн куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын мүмкүнчүлүктөрү жогорулаган сайын мугалимдерди финансылык жана социалдык жактан колдоону улантарын билдирди.

1533390
Президент Эрдоган мугалимдер күнүн куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын мүмкүнчүлүктөрү жогорулаган сайын мугалимдерди финансылык жана социалдык жактан колдоону улантарын билдирди.

Президент Эрдоган 24 -  Ноябрь Мугалимдер Күнүнөн улам жарыялаган билдирүүсүндө жоопкерчилиги оор болгон кесипти аркалаган бардык мугалимдерге өзүнүн, улуттун жана өлкөнүн атынан ыраазычылык билдирди.

Мугалимдин үйрөткөн, жетиштирген окуучусунун ичиндеги кенди сабырдуулук менен ачыкка чыгарган киши экендигин баса белгилеген Эрдоган күчтүү коом, күчтүү Түркия максатына квалификациялуу муун, улуттук билим берүү саясаты менен жетүүгө болорун белгиледи.

Эрдоган : «Билим берүү системабыздын ташуучу устуну болгон мугалимдерибиздин финансылык жана социалдык мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрүүнү, аларга тынч жана ишенимдүү бир иштөө чүйрөсүн даярдоо биздин милдетибиз. Өлкөбүздүн мүмүкнчүлүктөрү өскөн сайын  алдыңкылыкты мугалимдерибизге берүүнү улантабыз»,- деди.

Улуттук мепктептер ачылган жана Гази Мустафа Кемал Ататүрккө баш мугалимдик берилген бул маанилүү күндө өлкө ичинде жана өлкө тышында кызмат кылган мугалимдерге ыракмат айткан Эрдоган бардык билим берүү жамаатынын 24 -  Ноябрь Мугалимдер Күнүн куттуктады.



Тектеш кабарлар