Түрк кемесине мыйзамсыз изилдөө жүргүзүлдү...

Алынган маалыматка ылайык, Түркиянын желеги илинген  «ROSELINA-A» кемеси гуманитардык жардам материалдары менен Стамбулдан якорун тартып Ливияга жөнөп кеткен.

1532767
Түрк кемесине мыйзамсыз изилдөө жүргүзүлдү...

Грек командири тарабынан көрсөтмөсү жана администрациясы ишке ашырылган Ирини операциясында милдеттенме алган немис фрегаты, Түркиядан Ливияга азык-түлүк жана боёк сыяктуу ар кандай буюмдарды ташып бараткан кемени Чыгыш Жер Ортолук деңизде токтотуп эл аралык мыйзамдарга каршы келген жол менен тинтүү жүргүздү.

Алынган маалыматка ылайык, Түркиянын желеги илинген  «ROSELINA-A» кемеси гуманитардык жардам материалдары менен Стамбулдан якорун тартып Ливияга жөнөп кеткен.

Кеме кечээ түнү Грек деңиз флотунун командачылыгынын бир командиринин  көрсөтмөсү жана башкаруусунда жасалган  Ирини операциясында милдет алган Германиянын фрегаты тарабынан Мора жарым аралынын түштүк батышында эл аралык мыйзамдарды бузуу менен токтотулган.

Деңиз мыйзамына ылайык, кемелерди тинтүү үчүн персоналдын кемеге кириши үчүн желекчеси илинген мамлекеттин макулдугу алынышы керек. Түркиянын мындай уруксатысыз кеменин бортуна Гамбург фрегатынын кызматкерлери тик учактан түшкөн.

Тик учактан персоналдын түшкөнү жана Гамбург Фрегатынын "РОЗЕЛИНА-А" кемесинин айланасындагы кыймылдары да кеменин өздүк курамы тарабынан мобилдик телефон аркылуу дароо жазылып алынган.

Кеменин ылдамдыгын төмөндөткөн жана жолду бөгөп койгон аскерлер, Түркиядан уруксат албастан жасалгандардын  укукка жатпагандыгы жөнүндө эскертүүгө карабастан бардык контейнерлерди ачып тинтип чыкты. Таңдын биринчи жарыгына чейин созулган издөө иштеринен кийин аскерлер кемеде гуманитардык жардам, тамак-аш жана боёктон башка эч нерсе жок экендигин түшүнүп, андан кийин кемени таштап кетишти.

Кеме Мисрата портуна карай багытын улантып жатканда Түркиянын бул маселеге байланыштуу эл аралык уюмдар багытында жооп берүүнү сурай турганы белгилүү болду.

Ирини операциясы - Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ливияга каршы курал эмбаргосун көзөмөлдөө үчүн Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан Жер Ортолук деңизинде башталган талаштуу операция.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2292-резолюциясындагы мыйзамдуу өкмөт болгон Улуттук Ынтымак (Ливияда) Өкмөтү менен кеңешилип жана уруксат талап кылынгандыгына карабастан башталган Ирини операциясы бир тараптуу жана мыйзамсыз операция катары көңүл бурууда.

Айрым Европа өлкөлөрү Европа Биримдигинин каражаттарынан пайда табуу үчүн операция жөнүндө үн катпаса, айрым кайраттуу өлкөлөр өз реакцияларын көрсөтүп операциядан чыгып кетишти.



Тектеш кабарлар