Түркиядан ЕБне Кипр жообу берилди

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой: «Кипр түрктөрүнүн бар экендигин жана укуктарын эске албоону адатка айланткан Европа Биримдиги (ЕБ) эми Кипр түрк калкынын чечим табуу үчүн эрк көрсөтүүсүн четке кагуудан  тайманбастыгын көрсөттү».

1528551
Түркиядан ЕБне Кипр жообу берилди

Түркия, Кипрде чечим табуунун аралдын эки элинин эрки эске алынуу менен мүмкүн болоорун билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой: «Кипр түрктөрүнүн бар экендигин жана укуктарын эске албоону адатка айланткан Европа Биримдиги (ЕБ) эми Кипр түрк калкынын чечим табуу үчүн эрк көрсөтүүсүн четке кагуудан  тайманбастыгын көрсөттү»,- деп билдирди.

Аксой, Европа Биримдигинин Эл аралык байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Боррелдин Кипр маселеси боюнча билдирүүсү боюнча суроого берген жообунда, Кипр маселеси боюнча тараптар так экендигин жана аралдын жалпы кожоюндары болгон эки элдин каалоосу негизделгенде гана, адилеттүү жана туруктуу чечим табылышы мүмкүн экендигин баса белгиледи.

Аксой Боррелдин жабык Мараш жана Кипр маселесин чечүү боюнча көз караштары, Биримдиктин аралдагы чындыктардан канчалык деңгээлде алыстап кеткенин дагы бир жолу айгинелеп тургандыгын белгиледи.

Аксой, бир дагы билдирүүсүндө Кипр түрк элине кайрылбаган, 2004-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) чечүү планын четке каккан жана Кипр Рум Башкаруучулугуна сыйлык берген Кипр Түрктөрүнө берген убадаларынын эч бирин аткарбаган ЕБнин чечимге салым кошушун күтүүгө болбой тургандыгын баса белгиледи. Ал федералдык чечим модели 50 жылдан ашуун убакыттан бери сыналып келе жаткандыгын жана Рум тарап Кипр түрк элин тең укуктуу өнөктөш катары көрбөгөндүктөн жана бийлик менен гүлдөп-өнүгүүнү бөлүшкүсү келбегендиктен эч кандай натыйжа чыкапаганын айтты.

Аксой: «Эгер ЕБ Кипр маселесин чечүүгө салым кошкусу келсе, анда алгач Кипр түрк элинин бар экендигин жана эркин эске алып, 2004-жылы кабыл алган милдеттенмелерин аткарышы керек»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар