Түркияда бир сутканын ичинде 151 миң 516 Ковид-19 тести жасалды

Акыркы 24 саатта вирустан 94 киши көз жумду.

1528793
Түркияда бир сутканын ичинде 151 миң 516 Ковид-19 тести жасалды

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 94 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 11 миң 601 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 151 миң 516 тест жасалып, 3 миң 610 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 2 миң 712 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 356 миң 375ке жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар