Тургутрейс-5 машыгуусу өткөрүлдү
Машыгуу Чыгыш Жер Ортолук деңизинде өттү.
1527821
Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Тургутрейс-5 машыгуусу өткөрүлдү.
Улуттук Коргоо министрлиги Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түрк деңиз күчтөрүнүн (TCG) Кыналыада, TCG Атак, TCG Бора жана Пакистандын PNS Zulfiquar кемесинин катышуусунда Тургутрейс-5 машыгуусунун өткөрүлгөндүгүн билдирди.
Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Тургутрейс-5 машыгуусунун аягында 12-13-ноябрда «Жер Ортолук деңизи калканы» операциясына колдоо көрсөтүү миссиясы аткарылды» деп белгиленди.