Эрдоган - Ел Халифе сүйлөшүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган Бахрейн Королу Хамад Бин Иса Эл Халифа менен телефон аркылуу сүйлөштү.
1526893
Президент Режеп Таййип Эрдоган Бахрейн Королу Хамад Бин Иса Эл Халифа менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, президент Эрдоган Бахрейндин каза болгон премьер-министри принц Халифа Бин Салман Аль Халифага Аллахтын ырайымын тилеп, жакындары менен Бахрейн элине көңүл айтты.
Түркия - Бахрейн карым - катнаштарын ылдамдата турган жагдайлар да каралган сүйлөшүүдө Эрдоган Түркия менен Булуң өлкөлөрүнүн ортосундагы тектүү, тарыхый жана маданий байланыштарга негизделген карым-катнаштарды өнүктүрүү, бул аймакта кездешкен көптөгөн жалпы маселелердин оң чечилишине өбөлгө түзгөндүгүнө ишенгендигин белгиледи.