Түркия Кот-д'Ивуарды куттуктады

Алассан Уаттара кайрадан президент болуп шайланды.

1526294
Түркия Кот-д'Ивуарды куттуктады

Түркия Кот-д'Ивуардагы шайлоонун жыйынтыгынын пайдалуу болушун каалады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, «Биз Кот-д'Ивуардын тынчтык жана стабилдүүлүктө экономикалык өнүгүүгө карай алга жылышын каалайбыз» деген сөздөр камтылды.

Расмий жыйынтыктардын жарыяланышы менен Алассан Уаттаранын кайрадан президент болуп шайлангандыгы эске салынган билдирүүдө, шайлоонун жыйынтыгы дос жана тууган Кот-д'Ивуар эли үчүн пайдалуу болушу кааланды.

Билдирүүдө: «Алдыдагы мезгилде элдин бардык катмарлары менен диалог ичинде инклюзивдүү иш алып барылат деген ишеничибизди дагы бир жолу билдиребиз»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар