Калын Британиянын чалгындоо кызматынын башчысы менен жолукту

Британиянын тышкы чалгындоо кызматынын жаңы башчысы Анкарага келди.

1526239
Калын Британиянын чалгындоо кызматынын башчысы менен жолукту

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын борбор шаар Анкарага келген Британиянын тышкы чалгындоо кызматынын MI6 жаңы башчысы Ричард Мур менен жолугушту.

Президенттик комплекстеги жолугушууда Түркия менен Улуу Британиянын ортосундагы карым-катнаштардын өнүктүрүлүшү, эки өлкөнүн коопсуздук жана тышкы саясат тармактарындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Карабах маселеси жана Ливиядагы окуялар да ар тараптуу талкууланган жыйында, Жакынкы Чыгыш жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймактарындагы туруктуулукту камсыздоо максатында эки өлкөнүн жалпы коопсуздук саясаты боюнча пикир алмашылды.



Тектеш кабарлар