Чавушоглу Элчилер конференциясында сөз сүйлөдү

Чавушоглу өз сөзүндө маанилүү билдирүүлөрдү айтты.

1525374
Чавушоглу Элчилер конференциясында сөз сүйлөдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кипр түркүнүн мындан ары сүйлөшүү үчүн гана үстөлгө отурбай тургандыгын айтты.

Министр Чавушоглу Президенттик комплексте өткөрүлгөн 12-Элчилер конференциясында сөз сүйлөдү.

Чавушоглу өз сөзүндө Кипр сүйлөшүүлөрүнө токтолуп: «Кипрдик түрктөр эми бир гана сүйлөшүү үчүн үстөлгө отурушпайт. Алар акыркы (президенттик) шайлоодо (Эрсин Татарды шайлап) бул билдирүүнү ачык эле беришкен», деди.

Министр Чавушоглу, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги көмүр суутегин издөө иштери жөнүндө да: «Түркиянын укугу болгон жаратылыш байлыктарынан баш тартуусун эч ким күтпөсүн. Бизди четтеткен демилгелер ийгиликтүү болушу мүмкүн эмес»,-деди.

Чавушоглу ошондой эле чогуу жашоону үйрөнүүнүн ордуна башкалардын диндерин жөнгө салууга аракет кылуунун «ачыктан-ачык оройлук» экендигин баса белгиледи.

Толеранттуулук жана чогуу жашоо маданиятынын жактоону мындан ары да уланта тургандарын билдирген Чавушоглу: «Биз 1,5 миллиарддан ашуун адамдын жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлеген Пайгамбарыбызды (САВ) жана берки ыйыктарыбызга акаарат кылынышын сөз эркиндиги деп эсептей албайбыз. Биздин позициябыз ушунчалык так жана негиздүү»,-деди.



Тектеш кабарлар