Президент Эрдоган: "Tүркия, дүйнөнүн эң күчтүүлөрүнүн катарында орун алат"

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы (АК Партия) Эрдоган өзүнүн партиясынын Самсундагы кезектеги 7-облустук курултайында сөз сүйлөдү.

1519711
Президент Эрдоган: "Tүркия, дүйнөнүн эң күчтүүлөрүнүн катарында орун алат"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын саясий жана экономикалык дүйнөдөгү эң ири өлкөлөрдүн катарына кирерин айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы (АК Партия) Эрдоган өзүнүн партиясынын Самсундагы кезектеги 7-облустук курултайында сөз сүйлөдү.

Эрдоган сөзүн Измирдин Сеферихисар районунда болгон жер титирөөдө каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, жакындарына көңүл айтуу жана жаракат алгандарга шыпаа тилөө менен баштады.

Эрдоган: «Измирдеги жер титирөөдөн жапа чеккен бир туугандарыбыздын суук менен жамгыр баштала электе кыйынчылыктарын калыбына келтирүүгө чечкиндүүбүз»,- деди.

«Бизде өткөн кылымдын кубаттуулары бар»,- деп Эрдоган сөзүн мындайча улады: «Күчтөрүн зулумдукка, кан төгүүгө, алдамчылык жана зулумдукка жумшоо менен коомчулукту эзүүгө карыздар болгон бул залимдерге эми оюн өзгөргөнүн кабыл алдыруу оңой эмес. Алар Түркияны камкордук менен тушай алышкан жок, Түркияны террор менен чөгөлөтө алышкан жок, Түркияны төңкөрүш менен кулата алышпады,  Түркияга коркутуу, курчоо, эмбарго менен кишен сала алышкан жок, Түркияны экономика менен дагы түбүнө жете алышпайт».

Эрдоган, «күрөшүбүздө ийгиликке жеткенде, Түркия саясий жана экономикалык жактан дүйнөдөгү эң ири өлкөлөрдүн катарында орун алат»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар