Измирде болгон жер титирөө тууралуу келген билдирүүлөр

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин татар Измирде болгон жер титирөөдөн улам Президент Р. Т. Эрдоганга телефон чалып сүйлөштү.

1519184
Измирде болгон жер титирөө тууралуу келген билдирүүлөр

Пакистандын Президенти Ариф Алви Измирде болгон жер титирөөдөн улам Президент Р. Т. Эрдоганга жана түрк калкына көңүл айтты. Алви твиттердеги билдирүүсүндө : "Бир тууганым Р. Т. Эрдоган Пакистан калкынын көңүл айтуусун каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө билдириңиз. Жер титирөөдөн таасирленгендердин кайгысын бөлүшөбүз жана жаралулуардын бат айыгып кетиши үчүн дуа кылабыз",- деп билдирди. 

Ирандын президенти Хасан Рухани Президент Р. Т. Эрдоганга Измирдеги жер титирөө тууралуу көңүл айтып, бардык жардамды берүүгө даяр экендерин белгиледи. 

Рухани Президент Эрдоганга жиберген билдирүүсүндө . "Иран өкмөтү жана калкынын атынан бул жоготуулардан улам сизге жана бир тууган Түркия калкына көңүл айтып, Улуу Алладан кайгылуу үй  - бүлөлөр үчүн сабыр, жаралуулар үчүн шыпаа тилейбиз",- деди. 

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Измирде болгон жер титирөөдөн улам Президент Р. Т. Эрдоганга телефон чалып сүйлөштү.

Татар Кипр түрк калкынын ар дайым болгондой Анадолудагы бир туугандарынын жанында экендигин баса белгиледи.

Азербайжандын Президенти Илхам Алиев да Президент Р. Т. Эрдоганга телефон чалып Измирдин Сеферихисар районунун жакындарында болгон жер титирөөдөн улам жардам берүүгө даяр экендерин айтты.

Россиянын Президенти В. Путин  Президент Эрдоганга жер титирөөдөн улам «көңүл» айтты.

Грециянын премьер  - министри Кириакос Мичотакис да Измир менен грек аралдарында болгон жер титирөөдөн улам Президент Эрдоганга телефон чалды. Сүйлөшүүдө Президент Эрдоган менен Мичотакис бири бирине көңүл айтышты.

Президент Эрдоган керек боло турган болсо Грецияга жардам берүүгө даяр экендерин билдирди.

Ал эми Азербайжандын премьер-министри Али Эседов Измирдеги жер титирөөдөн кийин дароо вице-президент Фуат Октайга телефон чалып : “Биз ар кандай жардамга даярбыз”,- деди.

Франциянын ички иштер министри Джеральд Дарманин Түркия жана Эгей деңизиндеги жана Греция аралдарында болгон жер титирөөдөн улам Түркия менен Грецияга колдоо билдирүүсүн  жарыялады.

Дарманин  Твиттердеги билдирүүсүндө :"Франция бул коркунучтуу сыноодон өтүү үчүн түрк жана грек элдеринин жанында. Эгерде бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү сурана турган болсо, Франциянын жардамдарды дароо жеткирет»,- деди.

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель социалдык тармактагы билдирүүсүндө : "Эгей деңизинде Греция жана Түркия жакындарында болгон жер титирөөгө байланыштуу окуяларды кылдаттык менен иликтеп жатабыз»,- деди.  

Мишель: "ЕБ жардам берүүгө даярбыз",- деди.  

Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тезинен сакайып кетишин каалады.

Украинанын Президенти Владимир Зеленский анын жакшы каалоолорун билдирди.

Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов өзүнүн жакшы каалоолорун билдирди.

Катардын эмири Тамим бин Хамед Аль Сани жана Ливиянын премьер-министри Файиз эс-Серраж дагы президент Эрдоганга телефон чалып, көңүл айтты.

Пакистандын тышкы иштер министрлигинен берилген билдирүүдө, Пакистан калкынын түрк боордоштору менен бекем тилектештик ичинде экендигин жана дуаларынын Түркия менен бирге экендиги белгиленди.  

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг союздаш өлкөлөргө жардам берүүгө даяр экендерин билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ДСУнун башкы директору др. Тедрос Адхамон Гебрейесус кырдаалды кылдаттык менен иликтеп жатышкндарын айтып : "Биз эки өлкө менен биргеликте жардамга муктаж адамдарга тез жардам көрсөтүлүшүн камсыз кылабыз",- деди.  

Бириккен Улуттар Уюму  бийлик менен байланышта экендигин билдирип : "Биз жардам берүүгө даярбыз",-  деп билдирди

Израилдин коргоо министрлиги  Израиль армиясына издөө – куткаруу тобун Түркияга жөнөтүшү үчүн даярдык көрүү жолдомосун бергендигин жарыялады.

Америка Кошмо Штаттарынын  Мамлекеттик департаменти, Эгей деңизинде болгон жер титирөөдөн кийинки өлүм  - житим жана материалдык  чыгымдын кесепетинен Греция жана Түркияга көңүл айтты.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Брайен : "Бүгүнкү жер титирөөдөн кийин дуаларыбыз Түркия жана Греция калкы менен. Эки мамлекеттин айырмачылыктарын бир тарапка таштап муктаж болгон учурда  бири бирине жардам беришкенин көрүү абдан жагымдуу. Америка Кошмо Штаттары жардам берүүгө даяр", - деп билдирди.

Чилинин тышкы иштер министри Андрес Алламанд издөө - куткаруу иштерине жардам берүүгө даяр экендерин баса белгилесе,  Мексиканын тышкы иштер министри Марсело  Эбруну да Түркия менен толук тилектеш экендигин жана ар кандай жардамга даяр экендиктерин билдиришти.

Австриянын Президенти Александр Ван дер Беллен "Менин дуаларым  Түркия жана Грециядаказа болгондордун жакындары жана жаралуулар менен",- деп билдирди.

Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте, :  "Биздин жүрөгүбүз түрк жана грек эли менен, эгер жардам бере турган бир нерсе болсо, биз даярбыз" ,-деди.

Косованын президенти Хашим Тачи бул оор мезгилде Косованын түрк элинин жана мамлекетинин жанында экендигин баса белгиледи.

Албаниянын Президенти Илир Мета : «Сүйгөндөрүн жоготкондордун жана бул кыйын күндү жашап жаткандардын жанындабыз. Албания бардык мүмкүнчүлүктөрү менен дос өлкөлөрдүн жанында»,- деп билдирсе, Босния жана Герцеговинанын Президенттик Кеңешинин төрагасы Сефик Дзаферович: "Эр жүрөк куткаруу топторун чын ыкластан жасаган иштери үчүн куттуктайбыз. Дуаларыбыз түрк боордошторубуз менен",- деди.

Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович керектүү жардамдарды берүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан "Биз Греция жана түрк эли менен толук тилектешпиз. Биз алардын жанында турабыз жана аларга жардам  берүүгө даярбыз" ,- деп билдирди.

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас жер титирөөгө байланыштуу санаасын билдирип:

"Биздин оюбуз курман болгондор жана алардын үй-бүлөлөрү менен. Тирүү калгандарды издөө жана куткаруу иштери ийгиликтүү болот деп үмүттөнөбүз. ЕБ жана НАТО жардам берүүгө даяр",- деди.

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб колдоого даяр экендиктерин билдирди.

Италия жана Испаниянын Тышкы иштер министрликтери тилектештик ичинде экендерин блдирсе,  Малта Тышкы иштер министри Эварист Бартоло да : "Жүрөгүбүз жана ойлорубуз Түркия жана Греция эли менен биргеликте. Жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтабыз",- деп  бөлүштү.

Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде жер титирөө боюнча кабатырлануучу кабардын келгендиги билдирип, окуядан жапа чеккен түрк жана грек жарандарына тезирээк сакайып кетишин каалады.

Эстониянын тышкы иштер министри Урман Рейнсалу каза болгондордун туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тезинен сакайып кетишин каалады.

Грузиянын тышкы иштер министри Давит Залкалян түрк элдеринин жанында экендиктерин билдирди.

Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев Измирде болгон жер титирөөдө каза болгондор үчүн Президент Эрдоганга көңүл айтуу билдирүүсүн жөнөттү. 

Азербайжадын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Болгариянын тышкы иштер министри Екатерина Захариева, Нидерландиянын тышкы иштер министри Стеф Блок, Хорватиянын тышкы иштер жана Европа иштери боюнча министри Гордон Грлик Радман, Косованын тышкы иштер жана диаспора министри Мелиза Харадинай-Стублле, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф, Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто , Грузиянын тышкы иштер министри Давит Залкалиани, Канаданын тышкы иштер министри Франсуа-Филипп Шампан, Испаниянын тышкы иштер министри, Европа Биримдиги жана кызматташтык министри Аранча Гонсалес Лая, Катар тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман, Сьерра-Леоненин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Набеле Тунис, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна телефон чалып жардам берүүгө даяр экендерин билдиришти.

АКШ, Германия, Франция, Италия, Россия, Израиль, Пакистан, Англия, Австралия, Дания жана Венгрия сыяктуу Түркияда иштеген көптөгөн дипломатиялык миссиялар тилектештик билдирүүсүн жарыялады.

Измирдин Сеферихисар районунда кечээ болгон 6,6 баллдык жер титирөөдө 25 адам каза болду.

Кырсык жана чукул кырдаалды башкаруу боюнча төрагалык AFAD 25 адам каза болуп, 804 адамдын жаракат алгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар