Хатайда полиция террордук кол салуунун алдын алды
Окуядан кийин башка террорист ийгиликтүү операция менен кармалды.
Хатайда полициянын кылдаттыгы чоң кырсыктын алдын алды.
Шаардын Искендерун районунда полициялык өткөрүү пунктунда текшерүү учурунда шектелген 2 террористтин артынан жөнөдү.
Ал арада унаа менен качып кетүүгө аракет кылган террорист өзүн жардырып жиберди.
Окуядан кийин башка террорист ийгиликтүү операция менен кармалды.
Хатайдын губернатору Рахми Доган Сирияда жикчил террордук уюмдун мүчөлөрү болгон 4 террористтин шаардагы Аманос тоолоруна келгендигин жана кечээ кечке чейин толугу менен таасирсиз болгонун билдирди.
Президент Режеп Тайип Эрдоган дагы «Мен биздин баатыр коопсуздук күчтөрүбүздү Хатайдагы терроризмге каршы ийгиликтүү операциялары үчүн куттуктайм»,- деди. Эрдоган, Твиттердеги билдирүүсүндө, «Түркия эми кол салуунун ушул түрү менен башкарылган, багытталган,алагды кылынган өлкө эмес»,деген серебин салды.
Тектеш кабарлар
«Seven Seas Voyager» Антальяда
"Seven Seas Voyager" круизинин кийинки багытынын Санторини порту болоору маалымдалды.