Президент Р. Т. Эрдоган жаратылыш газ резерви тууралуу билдирди

Президент Р. Т. Эрдоган Кара деңиздеги Сакария аянтынын Туна  - 1 аймагындагы  жалпы жаратылыш газ резервинин көлөмү 405 миллиард метр кубга жеткендигин билдирди.

1510940
Президент Р. Т. Эрдоган жаратылыш газ резерви тууралуу билдирди

Президент Р. Т. Эрдоган Кара деңиздеги Сакария аянтынын Туна  - 1 аймагындагы  жалпы жаратылыш газ резервинин көлөмү 405 миллиард метр кубга жеткендигин билдирди.

Президент Эрдоган жана аны коштогон вице-президент Фуат Октай, казына жана каржы министри Берат Албайрак, президенттик коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун, президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Фатих кемесинде иликтөө жүргүзүштү.

Эрдоган «Фатих» кемесиндеги бургулоону башкаруу палатасында  иш алып барган кызматкерлерге кайрылып, Сакария газ аянтындагы бургулоо иштерин аяктоо жолдомосун берди.

Сакария газ кенинде 20 - июлда башталган бургулоо иштери бүгүн аяктагандыгын баса белгилеген Эрдоган, «Фатих» кемесинде жергиликтүү жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен чыгарылган «KAŞİF» алдыңкы технологиялуу суу алдындагы роботун да иликтеди.

Президент Эрдоган : «Сакария аянтынын Туна  - 1 аймагындагы жалпы жаратылыш газ резерв көлөмү 405 миллиард метр кубга жетти. Максатыбыз 2023 -  жылы бул газды элибиздин пайдалануусуна сунуштоо»,- деди.

Эрдоган : «Тест анализ жана кенен түрдө инженердик  иштердин акырында тапкан резервге 85 миллиард метр куб дагы кошумчаланды. Биз эч кимдин акысына, укугуна өзгөчө да жерине көз салбайбыз»,- деди.

"Биз Кара деңиз менен Жер Ортолук деңизинде углеводород ресурстарын издөөнү улантабыз. Эгер Чыгыш Жер Ортолук деңизинде адилеттүү мамиле жасалбаса, бул Европа Биримдигинин акырына  келишинин жарыяланышы болот»,- деди Эрдоган.  



Тектеш кабарлар