Атамекендик аба шарлары биринчи жолу туристтер менен учту

Ар кандай көлөмдөгү аба шарлары менен 68 турист 45 мүнөткө созулган саякатка катышты.

1510871
Атамекендик аба шарлары биринчи жолу туристтер менен учту

Кападокияда атамекендик өндүрүш болгон ысык аба шарлары сыноо процессинен кийин биринчи жолу коммерциялык учууну ишке ашырып, туристтерге аймакты асмандан көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Аймакта иш алып барган Pasha Balloons компаниясы тарабынан өндүрүлгөн 6 даана аба шары, күндүн чыгышы менен Каппадокиянын асманына көтөрүлдү.

Ар кандай көлөмдөгү аба шарлары менен 68 турист 45 мүнөткө созулган саякатка катышты.

Pasha Balloons компаниясы башкаруу кеңешинин төрагасы Халис Айдоган журналисттерге жасаган билдирүүсүндө, улуттук мүмкүнчүлүктөр менен өндүрүлгөн ысык аба шарларынын берки аба шарлары менен аймактын асманына көрк кошконуна кубанычта экендиктерин айтты.

Айдоган, атамекендик өндүрүш болгон ысык аба шарларын чет өлкөлөргө да сатууну көздөп жатышкандарын айтты.



Тектеш кабарлар