Түркия АКШга каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой,Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) Оруч Реис боюнча каршылык көрсөттү.

1508442
Түркия АКШга каршылык көрсөттү

Түркия, Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) Оруч Реис боюнча каршылык көрсөттү ...

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой: «АКШнын Оруч Реистин Түркиянын континенталдык шельфинде жүргүзгөн сейсмикалык изилдөө иштерин сынга алуусу  олуттуу карама-каршылык келтирип жатат»,-деп айтты.

Хами Аксой АКШнын Мамлекеттик департаментинин мам-катчысы Морган Ортагустун Оруч Реистин Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги сейсмикалык изилдөө иштери боюнча билдирүүсү боюнча суроого жазуу жүзүндө жооп берди.

Аксой: «АКШнын, Оруч Реистин Түркиянын континенталдык шельфинде жүргүзгөн сейсмикалык изилдөө иштерин сынга алуусу  олуттуу карама-каршылык келтирип жатат»,-деп айтты.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги грек-рум дуэтинин максималисттик деңиз юрисдикциясы боюнча дооматтарын чагылдырган Севилья Картасынын мыйзамдуу күчкө ээ эместигин белгилеп, АКШ жана ошондой эле айтымдарга ээ болгон Европа Биримдигинин карама-каршылыктуу мамиле көрсөткөнүн айткан Хами Аксой: «Эгей жана  Жер Ортолук деңизиндеги чыңалууну күчөткөн тарап  Түркия эмес, Түштүк Кипр Рум Башкармалыгы (ТКРБ) жана Греция болуп саналат»,-деди.



Тектеш кабарлар