Түркияда коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 56 киши көз жумду.

1506622
Түркияда коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 56 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 8 миң 778 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 113 миң 102 тест жасалып, 1 миң 649 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 391 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 293 миң 145ке жогорулады.



Тектеш кабарлар