Эрдоган Азербайжан-Армения маселесине байланыштуу суроолорго жооп берди

Президент Эрдоган, Катарда англис тилинде жарыяланган «The Peninsula» гезитине маалымат берди.

1505150
Эрдоган Азербайжан-Армения маселесине байланыштуу суроолорго жооп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Армениянын оор жеңилүүгө учурагандан кийин Түркияны да жаңжалдын ичинде көрсөтүү аракети анын айласыздыгынын далили экенин айтты.

Президент Эрдоган, Катарда англис тилинде жарыяланган «The Peninsula» гезитине берген маегинде, Азербайжандын Армения тарабынан басылып алынган аймактарын куткаруу үчүн жүргүзүп жаткан күрөшүнө байланыштуу суроолорго жооп берди.

Армениянын кыргын салып Карабах баш болгон Азербайжан аймагынын бир бөлүгүн басып алышы 30 жылга жакын убакыттан бери улантып келе жаткандыгын белгилеген Эрдоган: «Эл аралык коомчулуктун ушул кыргындарга жана баскынчылыктарга жылдар бою унчукпашынан шыктанган Армения, агрессивдүү кадамдарын карапайым калкка каршы жаңы чабуулдар менен улантты. Азербайжан да оккупацияланган аймактарын куткаруу үчүн чара көрүп, эми Армения тарабынан басылып алынган аймактарын бир-бирден кайра кайтарып алууда»,-деди.

Түркиянын Азербайжанга «бир улут, эки мамлекет» болгондуктан буга чейин болгондой эле мындан ары да колдоо көрсөтө тургандыгын баса белгилеген Эрдоган, Карабах маселесин туруктуу чечүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун токтомдорунун жана эл аралык мыйзамдын талаптарынын аткарылышы керектигин билдирди.

Ар бир мүмкүнчүлүктө түрк улутуна карата агрессивдүү жана душмандык мамилени көрсөтүүдөн тартынбаган Армениянын, аймакта тынчтык, туруктуулук жана тынчтыкка жолтоо болгон эң чоң тоскоолдук экендигин белгилеген президент Эрдоган: «Армениянын оор жеңилүүгө учурагандан кийин ар түрдүү жалган нерселер менен Түркияны да жаңжалдын ичинде көрсөтүү аракети анын айласыздыгынын далили болуп саналат»,-деди.



Тектеш кабарлар