Чавушоглу менен Байрамов сүйлөшүү өткөрдү
Эки министр телефон аркылуу сүйлөштү.
![Чавушоглу менен Байрамов сүйлөшүү өткөрдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c7f5/0b39/428d/5f7814372ad04.jpg?time=1718942428)
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Чавушоглу менен Байрамовдун сүйлөшүүсүндө Тоолуу Карабах маселеси талкууланды.
Бир тараптан Мевлүт Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Түркиянын Азербайжанды колдоосун эч ким өөн көрбөшү керектигин айтты.
Чавушоглу төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Биз Азербайжан менен бир элбиз. Эки мамлекет болсок дагы ылайыктуу учурларда бир мамлекет сыяктуу иш алып барабыз. Ошондуктан Азербайжанга болгон колдообузду эч ким өөн көрбөшү керек. Мындан башка эч нерсе табигый жана мыйзамдуу боло албайт»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718942428)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.