Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжан кааласа Түркиянын колдоо берерин айтты

Чавушоглу Римде италиялык кесиптеши Луиджи Ди Майо менен өткөргөн биргелешкен пресс-конференцияда Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кагылышууга токтолду.

1501787
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжан кааласа Түркиянын колдоо берерин айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжан кааласа Түркиянын колдоо берерин айтты.

Чавушоглу Римде италиялык кесиптеши Луиджи Ди Майо менен өткөргөн биргелешкен пресс - конференцияда Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кагылышууга токтолду.

 Ар  дайым Түркиянын маселени тынчтык жолу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин негизинде чечилишин жактагандыгын айткан Чавушоглу : «Бирок, бүгүнкү күнгө чейин эч кандай кадам жасалган жок. Азербайжандын өз жерлерин кайтарып алууга күчү жетет. Азербайжан ок атышпоо келишимин жарыялашы үчүн, Армения чыгып кетиши керек. Ушул күнгө чейин Азербайжандын бизден талабы болгон жок бирок талар боло турган болсо ким эмне десе десин  биз колдоо беребиз»,- деди.  

Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабах меселесинин чечилбестиги Арменияга күч бергендигин жана кол салууга түрткөндүгүн белгилеген Чавушоглу мунун ушул бойдон уланып кетпей тургандыгын жана бул маселенин түп тамырынан чечилиши керектигин баса белгиледи. 

Чавушоглу, эгер эл аралык коомчулук кандайдыр бир нерсе жасоону кааласа, анда Арменияны тез арада Азербайжан аймагынан чыгарып кетиши керектигин айтты.

Министр Чавушолу буга карата бардык аракеттерге  Түркия катары колдоо беришерин баса белгиледи. 

Чавушоглу аймактагы тынчтык жана ырааттуулуктун Армениянын кызыкчылыгына болорун айтып : «Тынчтык жана бейкуттукьубу же  согушту каалайсыңарбы? Армениянын бул тууралуу чечим чыгарышы керек»,- деди.

Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалдарга да токтолгон тышкы иштер министри : «Европа Биримдиги глобалдык уюм болууну кааласа Грецияга сен туура эмессиң деп айта алышы керек. Биздин ниетибиздин жакшы экендигин көрсөттүк. Элдерибизди коргоо тууралуу да чечкиндүү экенибизди көрсөттүк. Келгиле тең бөлүшүү үчүн бирдикте иштейди. Бул жерде Европа Биримдигинин жолу маанилүү»,- деди.



Тектеш кабарлар