Адам укуктары жана эркиндиктери Ирактын Ковид - 19 менен күрөшүнө жардам берди

Иракка 40 литрдик 60 кычкылтек концентраты, 90 кычкылтек аппараты, 52 000 медициналык бет кап, 80 000 медциналык кол кап, 324 температура өлчөгүч, 1000 дарыгер кийими, 384 дезинфектан жана медициналык каражат жиберилди.

1494609
Адам укуктары жана эркиндиктери  Ирактын Ковид  - 19 менен күрөшүнө жардам берди

Адам укуктары жана эркиндиктеринин гуманитардык жардам фонду Ирактын жаңы тип коронавирус менен күрөшүнө колдоо максатында Багдат, Керкүк, Мусул жана Селахаттин шаарларындагы ооруканаларга медициналык каражат таркатты.

Фонддон берилген маалыматка караганда Ковид  - 19 эпидемиясынан таасирленген өлкөлөрдөн Иракка 40 литрдик 60 кычкылтек концентраты, 90 кычкылтек аппараты, 52 000 медициналык бет кап, 80 000 медциналык кол кап, 324 температура өлчөгүч, 1000 дарыгер кийими, 384 дезинфектан жана медициналык каражат жиберилди.

Адам укуктары жана эркиндиктери тарабынан Самарра, Алкаярх, Ел – Фирдевс жана Тармийе ооруканаларындагы жетекчилерге тапшырылган медициналык каражаттардан айлык 10 000 киши пайдаланат. Бул ооруканаларга жеткирилген коргоочу каражаттар менен медициналык аппараттар аймак калкын саламаттык сактоо жактан дагы жакшы тейленүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт.

 

 

 



Тектеш кабарлар