Түркия орус сотунун өкүмүнө каршылык көрсөттү
Түркия Крым татарларын колдойт.
1493519
![Түркия орус сотунун өкүмүнө каршылык көрсөттү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/74d1/503a/2929/5d1c4eddd0730.jpg?time=1718854441)
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 16-сентябрда Россиянын соту тарабынан жарыяланган 7 крым татарын соттоо өкүмүнүн, крым татарларына карата коркутуп-үркүтүү саясатынын барган сайын күчөтүлүп жаткандыгынын бир мисалы экендиги баса белгиленди.
Билдирүүдө: «Крым жарым аралынын негизги элементи болгон татар түрк коомчулугунун мындай ыкмалар менен кысымга алынышы өкүнүчтүү. Түркия, Крымдын мыйзамсыз аннексияланышын тааныбаганы сыяктуу, өз укук жана кызыкчылыктарын тынчтык жолу менен коргоп, демократиялык ыкмалар менен үнүн угузууга аракет кылган бир тууган Крым татарларына колдоо көрсөтүүнү улантат», делди.