Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата билдирүүсү

Эрдоган: «Элибиз "Өлсөк шейит болобуз, калсак ардагер болобуз" деген түшүнүк менен эгемендүүлүгүн жана келечегин коргоону улантууда»

1493613
Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, түрк улутунун ардагер улут экендигин жана бул улуттун мүчөсү болгонубузга сыймыктанабыз деп айтты.

Эрдоган Ардагерлер күнүнө карата жарыялаган билдирүүсүндө, улут жана өлкө өзүнүн жашоосун улантууда, Анадолу жерлерин мекен кылууда согушка катышуу түшүнүгүнүн эң көрүнүктүү баалуулуктардын бири экендигин баса белгилеп: «Биз дүйнөнүн 34 өлкөсүндө 78 шейиттиги бар элбиз. Балкан согушунан Чанаккалеге, Египет жана Сириядан Галисияга, Кавказ фронтунан Боштондук согушуна чейин аймагыбыздын ар кайсы бурчтарында салгылашкан баатырларыбыздын ардактуу эскерүүлөрү менен чоңойгон муунбуз»,-деди.

Президент Эрдоган: «Элибиз буга чейин болгондой эле «Өлсөк шейит болобуз, калсак ардагер болобуз» деп эгемендүүлүгүн жана келечегин коргоону улантууда. Биздин ардагерлер өзүлөрүнүн баалуулуктарынын негизинде мекенге болгон сүйүүсү жана баатырдыгы менен жаңы муундарга жол көрсөтүшүүдө. Баатырларыбыздын мекенибиздеги жана өлкөнүн тышындагы эр жүрөктүк дастандарына улам жаңысын кошуп жаткандарына сыймыктанабыз»,- деп баа берди.

Режеп Таййип Эрдоган, улут ушул өзгөчөлүктөр менен өз өлкөсүн жана элин коргоп жаткандан тышкары аймагындагы жана дүйнөдөгү бардык эзилгендердин, жапа чеккендердин жана туугандардын үмүтү болуп калгандыгын белгилеп: «Ардагерлерибиз үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялоо менен биз керектүү чараларды көрүп жатабыз. Биз ар дайым колдоп келген ардагерлерибиз үчүн керектүү нерселерди жасай беребиз. Республикабыздын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемалга Боштондук күрөшүндөгү лидерлиги үчүн "Мушир жана ардагер" наамынын тапшырылышынын жылдыгы жана Ардагерлер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм, бул жерлерди бизге мекен кылып эгемендүүлүк алып келген бардык баатырларга терең ыраазычылыгымды билдирем», деди.



Тектеш кабарлар