Эрдоган Сакария Жеңишинен улам билдирүү жарыялады

Эрдоган, 13-сентябрдагы Сакария Жеңишинин 99 жылдыгына карата билдирүү жарыялады.

1489518
Эрдоган Сакария Жеңишинен улам билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Сакария Жеңиши - биздин жашообузду дагы деле болсо көрө албастардын, куру шыктанууну аркалагандардын тагдыры дагы бир жолу ойрон боло турганын көрсөткөн белги болуп саналат», -деди.

Эрдоган, 13-сентябрдагы Сакария Жеңишинин 99 жылдыгына карата жарыялаган кайрылуусунда, Түркиянын тарыхындагы эң маанилүү согуштардын бири болгон Сакария Майдан салгылашуусу улуттун өз мекенин жана эгемендигин баскынчыларга каршы коргоо үчүн даңазалуу күрөшүнүн маанилүү этабы болгонун баса белгиледи. .

Эрдоган, Сакария Майдан согушунда жеңишке жетүү менен, эгемендүүлүк үчүн күрөштө улуттун күчү жана үмүтүн арттыргандыгын, эл аралык аренада Парламенттин кадыр-баркын көтөргөнүн жана Боштондук согушундагы акыркы жеңишке жол ачканын баса белгиледи.

Бул согушта көргөзүлгөн биримдик, тилектештик, чечкиндүүлүк жана баатырдыктын бүгүнкү күндө дагы деле болсо улутка жол көрсөтүп жаткандыгын баса белгилеген Эрдоган: «Сакария Жеңиши дагы деле болсо биздин бар экенибизди көрө албаган, бош шыктанууну аркалагандардын тагдыры ойрон боло турганынын белгисин берип турат. Тарыхы чоң жеңиштерге толгон улутубуз улуттук күрөштөгү рух жана чечкиндүүлүк менен эч бир мажбурлоону кабыл албай турганын, укук жана кызыкчылыктарын бардык жерде жана бардык шартта коргой турганын кечээ болгону сыяктуу бүгүн дагы, эртең дагы бүткүл дүйнөгө көргөзөт.  Өткөн тарыхыбыздан алган күчүбүз менен, мамлекетибизди түбөлүккө сактап калуу жана жаңы муундарга дагы жакшы эртеңки күндөрдү калтыруу максатында, алдыга койгон максаттарга ылайык, чечкиндүү иш алып барабыз.

Ушундан улам, сүйүктүү мекенибизди, көз карандысыздыгыбызды жана келечегибизди коргоо үчүн жанын курман кылган бардык шейиттерибизге Аллахтын ырайымын тилейм. Көз карандысыздык согушунун бардык баатырларын, айрыкча (республиканын негиздөөчүсү) Гази Мустафа Кемалды (Ататүрк) Сакария Жеңишинин күнүндө таазип жана ыраазычылык менен эскерип, жарандарыма чын жүрөктөн чыккан сезимдерим менен салам жолдойм»,-деди.



Тектеш кабарлар