Мевлүт Чавушоглунун ЕБнин тышкы карым - катнаштар комитетиндеги билдирүүсү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : «Европа Биримдигинин Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги позициясы туура эмес жана эл аралык мыйзамга ылайык келбейт».

1488548
Мевлүт Чавушоглунун ЕБнин тышкы карым  - катнаштар комитетиндеги билдирүүсү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европа Биримдигинин Чыгыш Жер Ортолук деңизде бир тараптын гана айткандарын жактаган, эл аралык сот катары мамиле кылгандыгына көңүлдөрдү буруп : «Европа Биримдигинин Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги позициясы туура эмес жана эл аралык мыйзамга ылайык келбейт»,- деди.

Мевлүт Чавушоглу видеоконференция аркылуу байланышкан Европа Парламентинин тышкы карым  - катнаштар комитетинде Чыгыш Жер ортолук деңиздеги абалдар тууралуу баа берди.

Түркия -  Европа Биримдиги карым  - катнаштарынын кемчиликсиз бир мезгилде эмес экенин белгилеген Чавушоглу : «Бул абал биздин чын дилден диалог куруубузга тоскоол болбошу керек»,- деди.

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз саясатынын эки жактуу экендигине көңүлдөрдү бурган Чавушоглу буларды айтты : «Биринчи жагы  Чыгыш Жер Ортолук деңизде аянттардын чектелиши менен байланыштуу. Түркия Греция жана Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги жээк мамлекеттер менен сүйлөшүүгө дайыма даяр болгон. Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги саясатынын экинчи жагы кипрдык түрктөрдүн укуктарынын сакталышы тууралуу. Кипр түрктөрү аралдын жана ачык деңиз булактарынын орток ээлеринен жана румдар менен бирдей укуктары бар. Бул ошол эле учурда  БУУнун процессинде кабыл алынган отурукташкан принцип. Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги чыңалуу Греция менен румдардын Түркия менен Кипр түрктөрүнүн укуктарын бузган бир тараптуу кыймылдарынан келип чыгууда».

Европа Биримдигинин Испания, Украина, Словения жана Хорватия сыяктуу өлкөлөрдүн деңиздеги күч талаш  - тартыштарында  тарапсыз болгонуна көңүлдөрдү бурган Чавушоглу : «Бул жерде Европа Биримдиги бир тараптын айткандарын жактаган эл аралык сот сыяктуу мамиле кылууда. Европа адилеттик кеңеши  деңиз чектери келишпестиктери тууралуу жоопкерчилигинин жок экендигине чечим чыгарса да Европа Биримдиги тилекке каршы  маселенин бир тарабы болду. Ушул себептен Европа Биримдигинин Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги позициясы туура эмес жана эл аралык мыйзамга ылайык келбейт»,- деди.  

Эгей деңизиндеги деңиздик миль талаш  - тартышын да эске салган Чавушоглу, Греция 6 миль жана 12 миль территориялык сууга ээ боло турган болсо түзүлө турган эки башка  карта менен түшүндүрдү. Чавушоглу : «Грециянын Эгейде 12 миль эл аралык суусу боло турган болсо Түркия эл аралык сууларга жетише албайт. Сиздерге суроо. Муну кабыл ала турган өлкө барбы? Греция көрсөткөн карталардын максаты Түркияны тар бир деңиз аянтында калтыруу. Бул силер үчүн адилеттүү боло турган болсо баарыңар менен бул тууралуу талкуулоого даярмын»,- деди.



Тектеш кабарлар