Түркия: «Араб лигасынын кабыл алган чечимдерин толугу менен четке кагабыз »

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө кабыл алынды.

1488246
Түркия: «Араб лигасынын кабыл алган чечимдерин толугу менен четке кагабыз »

Түркия, 9-сентябрда Министрлер Кеңешинде өткөрүлгөн жыйында кабыл алынган чечимдерди толугу менен четке кагарын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Араб лигасынын кээ бир мүчөлөрү, өздөрүнүн кыйратуучу күн тартибин жана кыймылдарын жабуу максатында Түркияга карай негизсиз жалаа жабууларын Араб лигасынын сентябрь айында өткөрүлгөн тогузунчу Министрлер кеңешинин жыйынына да алып баргандары белгиленди.

«Каралып жаткан жолугушууда өлкөбүзгө байланыштуу кабыл алынган чечимдерди толугу менен четке кагабыз» деген билдирүүдө, «Бул чечимдерге олуттуу мамиле кыла турган эч нерсе жок. Себеби, биздин өлкө Араб өлкөлөрүнүн аймактык бүтүндүгүнө жана саясий бирликтерине жана чөлкөмдүн туруктуулугуна чоң маани берери жана бул чечимдерди кабыл алуусунун артында турган администрациялардын тескерисинче, аларды коргоого умтулганы белгилүү»,делди.

Ошондой эле билдирүүдө, «Сирияны талкалоого жана Ирактын эгемендигине шек келтирген террористтерди колдогон, Йемендин кордолушуна себепчи болгон, Ливиядагы төңкөрүш уюштуруучулардын тарабына өткөн, Судандагы стабилдүүлүктү калыбына келтирүүнү өз кызыкчылыктары үчүн коркунучка салган жана адамзат үчүн трагедияларды жараткан режимдерге, согушкерлердин лидерлерине, жикчил топторго жана террордук уюмдарга колдоо көрсөткөн режимдердин каршы аракеттерине карабастан Түркия, аймактын тынчтык жана стабилдүүлүгүн камсыздоо үчүн конструктивдүү мамилесин чечкиндүүлүк менен улантат»,деп айтылды.

Билдирүүдө, бул администрациялар Палестина маселесин тоготпой, Палестинадагы эки мамлекеттүү чечүүчү аракеттери менен орток арабдык позицияны бузган аракеттери жөнүндө Араб лигасынын чечим кабыл алышына тоскоол болгондору, араб элдери тарабынан өрнөк катары каралып жатканы баса белгиленди.

Билдирүүдө, «Биз Араб лигасын биздин өлкөгө кастык кылган айрым мүчөлөрүнүн жетекчилиги астында иш алып баруунун ордуна, аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууда позитивдүү роль ойноого чакырабыз»,деп айтылды.



Тектеш кабарлар