Түркия Францияга кызыл сызык тууралуу каршы чыкты
Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой : «Аймакта кызыл сызык бар болсо бул бир гана Түркиянын жана Кипр түрктөрүнүн эл аралык мыйзамдан келип чыккан укугу»,- деди.
1481757
Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Франциянын президенти Еммануэль Макрондун Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркияга каршы кызыл сызык саясатын ишке ашырышкандары тууралуу сөздөрүнө : «Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркиянын мыйзамдуу доосуна каршы кызыл сызык тартканын ойлогондор, өлкөбүздүн чечкиндүү кыймылы менен беттешет»,- деп каршылык көрсөттү.
«Аймакта кызыл сызык бар болсо бул бир гана Түркиянын жана Кипр түрктөрүнүн эл аралык мыйзамдан келип чыккан укугу»,- деген Аксой өзүн чоң күзгүдөн көргөндөрдүн чындыктар менен беттешүүсүнүн учуру келгендигин жана империалист көз караштардын карталарга сызык сызуу менен белгилөө мезгилинин артта калганын айтты.