Президент Эрдоган: "Ийгиликтерибиз, укук жана кызыкчылыктарыбызды коргоо эркибиздин көрсөткүчү"

Улуу Жеңиштин 98 жылдыгында президент Эрдогандын төрагалыгындагы мамлекеттик кызматкер Аныткабирге (Республиканын негиздөөчүсү Ататүрктүн мүрзөсү жайгашкан) зыярат кылды. Президент Эрдоган Аныткабирдин атайын дептерине кол койду.

1481565
Президент Эрдоган: "Ийгиликтерибиз, укук жана кызыкчылыктарыбызды коргоо эркибиздин көрсөткүчү"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын жетишкен ийгилиги, укуктар менен кызыкчылыктарды коргоо эркинин көрсөткүчү белгиледи.

Улуу Жеңиштин 98 жылдыгында президент Эрдогандын төрагалыгындагы мамлекеттик кызматкер Аныткабирге (Республиканын негиздөөчүсү Ататүрктүн мүрзөсү жайгашкан) зыярат кылды. Президент Эрдоган Аныткабирдин атайын дептерине кол койду.

Эрдоган бул жерде, «Улуу Ататүрк, Улуу Жеңиштин 98 жылдыгында биз Сизди жана урматтуу шейиттерибизди дагы бир жолу эскерип жатабыз. Бизге мурас кылып калтырган Түркия Республикасын даңктоо, күчтөнтүү үчүн эмгектенип жатабыз. Республикабыздын 100 жылдыгын белгилей турган 2023-жылы экономикалык, аскердик, саясий жана дипломатиялык жактан күчтүү, көз карандысыз жана гүлдөгөн өлкө катары кирүүгө чечкиндүүбүз.Сириядан Ливияга чейин, Кара деңизден Чыгыш Жер Ортолук деңизине чейинки ар кандай тармактарда жетишкен маанилүү жетишкендиктерибиз - бул биздин өлкөнүн укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого болгон эркибиздин эң ачык мисалдары. Бул көрсөткүч. Түркия, айрыкча Чыгыш Жер Ортолук деңизинде, коркутуу, тажатуу жана шантаж тилге көнбөй, эл аралык укуктан жана эки тараптуу келишимдерден келип чыккан укуктарын коргоону уланта берет. Жаткан жериңиз жайлуу болсун»,-деп жазды.

Экинчи жагынан, 30-Август Жеңиш күнүнө карата Президенттик комплексинде 300 учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) менен «30-Август Жеңиши» темасы менен жарык нур шоу өткөрүлөт.

30-Август Жеңиш күнүнөн улам президент Эрдогандын Аныткабирге сапары менен башталган, Президенттик комплексте куттуктоолорду кабыл алуу менен улантыла турган салтанаттар параддан кийин кечинде улантылат.

Президенттик комплексте  Президенттик күзөт полкундагы оркестр командирлиги менен Коргоо министрлигинин Мехтеран бөлүгү  жана Армони мызыкасы командирлиги тарабынан Түркия убактысы боюнча саат (TSU) 20:30да Жеңиш күнүнө карата атайын концерт тартууланат.

Концерт Президенттик жана Коммуникация башкармалыгынын YouTube каналдары, социалдык медиа аккаунттары жана телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Концерттен кийин Коммуникация башчылыгы тарабынан Президенттик комплексте 300 учкучсуз учуучу аппараттар менен «30-августтагы Жеңиши" темасында жарык нур шоу болот.

Эгемендүүлүк согушундагы түрк улутунун биримдигин, мобилизациясын, күрөшүн жана жеңишин символдогон фигуралар асманда визуалдык көрүнүш менен чагылдырылат.

Бурса, Чанаккале, Самсун, Конья, Кайсери, Анталия жана Диярбакыр сыяктуу 7 провинцияда Коммуникация башкармалыгы тарабынан түзүлгөн Санарип Скрининг борборлору «30-август Жеңиши» темасы менен келгендерди кабыл алат.

 

30-августтагы Жеңиштин маанисин жана маңызын унутпоо үчүн, Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн жетекчилигинде улуттун күрөшү визуалдык технологияларды колдонуу менен санарип чөйрөдө көргөзмөгө коюлат.

30-августтагы Жеңишке үч тараптуу сүрөт (голограмма), кинематографиялык үн тутумунун коштоосунда 360 градуска видео жана видео картага түшүрүү ыкмалары, көрүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн начар көргөндөргө жол жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жаңдоо тилинде түшүндүрмө берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришет.



Тектеш кабарлар