Президент Эрдоган: "Грециянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде Navtex жарыялаганга укугу жок"

Президент Эрдоган министрлер кабинетинен кийин билдирүү жасады.

1478421
Президент Эрдоган: "Грециянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде Navtex жарыялаганга укугу жок"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын Navtexти (деңизчилерге жарыялоо) Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жарыялоого укугу жок деди.

Президент Эрдоган министрлер кабинетинин жыйынынан кийин маалымат берди.

Эрдоган ошондой эле Министрлер кабинетинин күн тартибинен кийин Греция менен болгон карама-каршылыктардын күрчушуна байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Президент Эрдоган:«Грециянын Navtex декларациясы бул чөлкөмдөгү бардык кемелердин жээк жана навигациялык коопсуздугуна коркунуч келтирген бузулган иш»,- деп белгилеп өттү.

Эрдоган: «Мындан ары чөлкөмдөгү кандайдыр бир терс маанайдын бирден-бир себеби Греция болот жана зыян тарткан жалгыз өлкө өзү болот»,- деп айтты.

Президент Эрдоган: «Грецияны түрк флотунун алдына таштагандардын кандайдыр бир кыйынчылыкта аларга жардам бербешин грек коңшуларыбыздын да билишин үмүттөнөбүз",- деди.

"Түркия, «Оруч Рейс» кемебиздин жана аны коштоп жүргөн аскердик флотубуздун  иш-аракеттеринен бир дагы кадам артка таштабайт. Тескерисинче, бул чөлкөмдөгү акыбызды жана укуктарды коргоого чечкиндүү аракет кылат»,-деп айтты.

Президент: «Алар мындан аркысын ойлонушсун жана анын кесепеттерин өздөрү тартышат, бул Navtex жарыяланган аймакта пайда боло тургандарга эскертүүбүз»,-деп айтты.

Греция жарыялаган Navtex эртең күчүнө кирет жана 27-августка чейин Крит, Керпе, Родос жана Мейс аралдарынын түштүгүн камтыйт.



Тектеш кабарлар