«Оруч Рейс» кемеси изилдөөлөрүн улантууда

«Оруч Рейс» кемесин Түрк деңиз күчтөрүнө таандык фрегаттар менен корветттер коштоп жана коргоп жүрүшөт.

1476583
«Оруч Рейс» кемеси изилдөөлөрүн улантууда

Улуттук Коргоо министрлиги, Түрк деңиз күчтөрүнө таандык фрегаттар жана корветттердин, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги өзүнүн аянттарында изилдөөлөрдү жүргүзгөн «Оруч Рейс» кемесин коштоо жана коргоо кызматын чечкиндүүлүк менен улантып жаткандарын билдирди.

Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө: «Түрк деңиз күчтөрүнө таандык фрегаттар жана корветттер Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги биздин өлкөнүн карамагындагы аянттарда изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан "Оруч Рейс"кемесин коштоо жана коргоо кызматын чечкиндүүлүк менен улантып жатышат»,-делди.

Билдирүүдө «Оруч Рейс» кемесин коштоп жана коргоп жүргөн  Түрк деңиз күчтөрүнүн элементтеринин фосүрөттөрүнө да орун берилди.



Тектеш кабарлар