Эрдоган:" ЕБ, Грецияны эркелетип жатканда, өз принциптерине кыянаттык кылганын көрүшү керек"

Стамбулдагы  Долмабахче Жумушчу кеңсесинде камералардын алдына өткөн  президент Эрдоган, Түркиянын  Кара деңизде 320 миллиард куб метр жаратылыш газынын запасы табылганы жөнүндө жакшы кабар берди.

1477052
Эрдоган:" ЕБ, Грецияны эркелетип жатканда, өз принциптерине кыянаттык кылганын көрүшү керек"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Европа Биримдиги (ЕБ) Грецияны эркелетип, өз принциптерин бузуп, чыккынчылык кылып жаткандыгын көрүшү керектигин билдирди.

Стамбулдагы  Долмабахче Жумушчу кеңсесинде камералардын алдына өткөн  президент Эрдоган, Түркиянын  Кара деңизде 320 миллиард куб метр жаратылыш газынын запасы табылганы жөнүндө жакшы кабар берди.

Улуттук көз карандысыздыкты орнотууда жана өнүгүүнүн негизги элементи болгон энергиянын чоң мааниге ээ экендигин баса белгилеген Эрдоган, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде дагы ушундай жакшы жаңылыктарды берүүгө үмүттөнөрүн айтты.

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде ойнолгон бардык оюндардын артында энергия ресурстарын бөлүшүү үчүн күрөш жүрүп жаткандыгын баса белгилеген Эрдоган: «Биз өлкөнүн энергетикалык маселесин түп тамырынан чечүүгө чечкиндүүбүз. Энергияны таза экспорттоочу болуп калмайынча, биз үчүн эч нерсе токтоп калбайт. Эч кимдин укугуна көз артпай, бирок эч кимге биздин укуктарыбызды бербестен, алдыга койгон максаттарыбызга карай багыт алууну улантабыз»,-деди.

Грециянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде бир тараптуу көмүр суутек чалгындоо иштерине токтолгон Эрдоган,

«Европа Биримдиги дагы бир жолу Грецияны эркелетип, бизге берип жаткан кош стандарттарынан улам өзүнүн принциптерине кыянаттык кылганын көрүшү керек «,-деди.



Тектеш кабарлар