Челик: «Түштүк Кипр Рум Башкаруусу менен Франциянын ортосундагы келишим каракчылык келишим»

Өмер Челик партиясынын Борбордук чечим чыгаруу жана башкаруу кеңешинин жыйынынан кийин партиянын башкы борборунда өткөрүлгөн маалымат жыйынында күн тартибине баа берди.

1475450
Челик: «Түштүк Кипр Рум Башкаруусу менен Франциянын ортосундагы келишим каракчылык келишим»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик, Түштүк Кипр Рум Башкаруусу менен Франциянын ортосундагы келишим каракчылык келишим болгонун айтты.

Өмер Челик партиясынын Борбордук чечим чыгаруу жана башкаруу кеңешинин жыйынынан кийин партиянын башкы борборунда өткөрүлгөн маалымат жыйынында күн тартибине баа берди.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги маселелердин күн тартибинде чоң орунга ээ экендигин белгилеген Челик: «Акыркы этапта мен Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу менен Франциянын ортосунда түзүлгөн келишим каракчылык келишим экендигин билдиргим келет. Бул келишим биздин көз алдыбызда толугу менен каракчылык келишим. / ..// Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун ушундай келишимге кол коюу укугу жок. Франция Чыгыш Жер Ортолук деңизде жалаң провокациялык ролду ойноодо. Румдар менен гректер, сиз Түркия менен келишим түзбөстөн,  Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен келишим түзбөстөн чындыгында бул аймакта кырдаалды түзө алабыз деп ойлосоңуз жүз пайыз жаңылышасыз».

Челик: «Гректер жана румдар, сиздин кодуңузга жазылган Түркиянын душмандарынан да Кипрдеги түркү душмандыгынан да баш тарткын. Эгер ушул чөлкөмдө стабилдүүлүктү, өнүгүүнү кааласаңыз сүйлөшүү үстөлүндө көрө ала турган эң ишенимдүү өнөктөш, сөзүндө турган  Түркия Республикасы жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы болот. Ошондуктан  туруктуулук жана ишеним каалагандар үчүн маанилүү өнөктөшпүз, бирок чыныгы кырдаалды түзүп, укуктарыбызды жана кызыкчылыктарыбызды басып алууну каалагандарга бере турган бир тамчы Көгүлтүр Мекен суубуз жок».,-деди.



Тектеш кабарлар