Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Бир сутканын ичинде 74 миң 846 тест жасалып, 1 миң 233 кишиде вирус аныкталды.

1474577
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 22 киши көз жумду. Пандемия башталган март айынан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 5 миң 996 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 74 миң 846 тест жасалып, 1 миң 233 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 1002 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 231 миң 971ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар