Президент Эрдоган Мармара жер титирөөсүнө байланыштуу билдирүү бөлүштү

7,4 баллдык жер титирөөдөн расмий маалыматтарга караганда 18 миң 373 адам каза болуп, 23 миң 781 адам жаракат алган.

1474294
Президент Эрдоган Мармара жер титирөөсүнө байланыштуу билдирүү бөлүштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 1999-жылдын 17-августунда болгон Мармара жер титирөөсүн эскерүү жылдыгына байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Эрдоган өзүнүн Твиттердеги баракчасынан жер титирөөнүн сааты болгон 03.02де жарыялаган бөлүшүүсүндө, жер титирөөнүн 45 секундага созулгандыгын эске салган эсептегичке да орун берди.

Эрдоган өз билдирүүсүндө: «1999-жылдын 17-августунда Мармара аймагындагы жер титирөөдө каза болгон жарандарыма Аллахтан ырайым тилеп, алардын туугандарына дагы бир жолу көңүл айтамын. Жер титирөө эмес шалаакылык өлтүрөт деген түшүнүк менен бардык зарыл болгон чараларды көрө беребиз»,-деди.

1999-жылдын 17-августунда Түркия убактысы боюнча саат 03: 02де эпицентри Кожаелинин Гөлжүк району болгон 7,4 баллдык жер титирөөдөн расмий маалыматтарга караганда 18 миң 373 адам каза болуп, 23 миң 781 адам жаракат алган.



Тектеш кабарлар