Эрдоган: «Континенталдык текчеде эч качан бандитизмге жол бербейбиз»

Президент Эрдоган Ризедеги бир иш-чарада сөз сүйлөдү.

1473630
Эрдоган: «Континенталдык текчеде эч качан бандитизмге жол бербейбиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Биз континенталдык текчеде эч качан бандитизмге моюн сунбайбыз, санкциялар жана коркутууларга карабастан артка чегинбейбиз»,- деди.

Президент Эрдоган Ризедеги бир иш-чарада сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган, Түркиянын күрөөгө коюлган, күрөө шартында турган бир өлкөдөн чыкканын жана жүргүзгөн саясаттары тыкан байкалган өлкө деңгээлине жеткенин айтты.

Эки күн мурун канцлер Ангела Меркель менен, андан кийин Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен сүйлөшкөнүн эске салган президент Эрдоган: «Ушул сүйлөшүүлөрдөн кийин, бул кадамдар ... Түркияга каршы жасалган кол салууларга карабастан, биз буга чейин ар дайым жеңилдик кылып келгенбиз, биз ар дайым жумшак мамиледе болгонбуз. Бирок Греция биздин мамилебизге андай мамиле кылган жок. Эгер алар ушундай мамилени уланта турган болсо, биз керектүү нерсени жасай турганыбызды билип коюшсун. Керек болсо эл аралык деңиз укугу жагынан, керек болсо жайгашкан мыйзамдар жагынан өлкөбүз бул маселеде акырына чейин туура. Ушул укугун колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, мындан ары да коргойт. Жүз жыл мурун Түркияны  кылдат саясат менен түштүгүндөгү энергия булактарынын тышында калтыргандар Чыгыш Жер Ортолук деңизинде муну ишке ашыра алшыпайт. Континенталдык текчебиздеги бандитизмге биз эч качан моюн сунбайбыз. Биз санкциялар жана коркутуулардын тили алдында чегинбейбиз. Мындан бир кылым мурун биздин Мекенибизди бөлүп жарууну көздөгөн Севрди талкалагандай эле, эми болсо «Көгүлтүр мекенди» ошондой эле чечкиндүүлүк менен коргоп калабыз».

Эрдоган, «Оруч Рейс өз ишин 23-августка чейин улантат. Бул процессте биздин кемеге багытталган эң кымындай кысымга  жооп берүүдөн эч качан тартынбайбыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, эч качан чыңалууну каалабагандарын, эч кимдин укугуна кол салбагандарын, улуттун жана Кипр түрктөрүнүн укугун коргогондорун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар