Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчү
Бүгүн ооруканадан 992 киши айыгып чыкты.
1473574
![Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3f7e/6e2c/5a83/5f34eee6038de.jpg?time=1718830184)
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 21 киши көз жумду. Пандемия башталган март айынан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 5 миң 955 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 67 миң 214 тест жасалып, 1 миң 256 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 992 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 229 миң 972ге жогорулады.